Бишкектеги жерлерди мыйзамдаштыруу. 154 техникалык паспорт берилди

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча, 23-декабрга карата 154 техникалык паспорт берилген. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 903 арыз кабыл алынып, 5 баш тартуу, 66 өндүрүштө, 284 техникалык паспорт даярдалган.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң техникалык паспорт даярдашат.

“Техникалык паспортту даярдоо легалдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат”, – деп айтылат билдирүүдө.