Кримтөбөл “Женго” абактан чыкты

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, кримтөбөл Кадыр Досонов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда Досоновдун иши тергелип бүтүп, Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынган. 17-декабрда айыпталуучунун жактоочусу Досоновдун бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Сот аны канааттандырган.

Басма сөз кызматынын кабарлашынча, Досоновдун иши боюнча алгачкы отурум, 5-январга дайындалган.

Ушул жылдын 10-февралында Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча “перехват” планы жарыяланган.  Андан соң Кадыр Досонов Ошто УКМКга өзү келген.