Пайдалуу кеңештер

Көздүн көрүүсү кайсы витаминдин жетишсиздигинен начарлайт? Адистин кеңеши

А витамининин жетишсиздиги көздүн көрүүсүн начарлатат. Бул тууралуу эндокринолог Татьяна Бочарова РИА Новости агенттигине билдирди.

Адистин айтымында, А витамини көздүн көрүүсүнө жардам берген өтө маанилүү элементтердин катарына кирет. Ал көрүү нервдерин жана көздүн булчуңдарын бекемдейт. Бул витамин жетишпесе көз кургап, жаш каналдары суюктукту жакшы өткөрө албай калат.

«Бул көйгөй компьютер менен иштеген адамдардын көпчүлүгүндө бар. А витамининин тартыштыгынын дагы бир кесепети — күүгүмдө көздүн жакшы көрбөй калышы. Мындай учурда адамдар кечкисин окуй албай, алысты, анча чоң эмес жарыкты көрбөй калат», — деди дарыгер.

А витаминин көбүнесе жер-жемиштин жаңы сыгылган ширесинен алса болот. Ошондой эле уй, кой, тоок жана балыктын боорунда көп.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button