Бишкекте Жаңы жылга карата концерт өтөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен муниципалитеттин 31-декабрдан 1-январга караган түнү Жаңы жылды тосууга даярдыгы боюнча жыйынтыктоочу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымында, негизги майрамдык иш-чара 31-декабрда саат 19:00дө Ала-Тоо борбордук аянтында улуттук эстрада артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулат.

“Борбордун мэри шаардагы окуялар учурунда коомдук тартипти камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилеп, борбордун укук коргоо органдарына шаарда, өзгөчө шаардыктар көп топтолгон жерлерде тартипти көзөмөлдөөнү жана сактоону тапшырды”, – деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде,  калаа башчысы  концертке келген көрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн фейерверктердин сатылышына жол бербөө максатында аянттын аймагындагы  соода түйүндөрүн көзөмөлгө алууну тапшырды.