Ошто коронавирус менен ооругандардын саны өсүп, стационарлар кайрадан иштей баштады

COVID-19 инфекциясы менен ооругандардын саны өсүп жатканына байланыштуу Ош шаарындагы 100 орундуу стационар 10-январдан тарта иштей баштады. Бул тууралуу аталган аймактын мэриясынан кабарлашты.

“Бейтаптарды кабыл алуу үчүн бардыгы даярдалган, дары-дармектер жана суюк кычкылтек бардык палаталарга жеткирилген. Ошондой эле биздин ооруканада бейтаптарды кабыл ала турган медициналык кызматкерлер жетиштүү”, – деп билдирет оорукананын башкы дарыгери Бакай Акматов.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Ош шаары жана Ош облусунун калкына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча бир топ иштер аткарылган. Алардын бири Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын имараттары капиталдык оңдоодон өтүп, анда ар кандай жугуштуу оорулар менен ооруган балдардын дарылануусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Коронавирус инфекциясы менен ооругандарды алдын ала дарылоо үчүн 2020-жылы балдардын жугуштуу ооруканасынын аймагына 100 орундуу стационар курулган. 2021-жылдан бери шаардын бардык тургундары ушул ооруканада дарыланып келишет.