Коом

Ооруп жаткан адам вакцина алса болобу? Адистин жообу

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавируска каршы вакцинаны кайсы учурда алуу керектигин түшүндүрдү.

«Курч респиратордук жугуштуу ооруларга кабылган, анын ичинде коронавирус менен ооруп жаткан адам же аны менен байланышта болгондор карантиндик мөөнөт аяктагандан кийин гана вакцина алышы керек. Эгер коронавирус же сасык тумоо менен оорусаңыз, айыккандан кийин 2-4 жумадан соң эмделген оң», — деди Акматова.

Ал өлкөдө илдет илештиргендердин саны күндөн-күнгө өсүп жатканын айтып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган. Ошол эле учурда санитардык норманы сактап, эмдөөдөн өтүүнү сунуштаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button