Коронавирус. 874 адамдан аныкталып, илдеттен 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 16-январга карата коронавирус 874 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 670, Ош шаарында – 27, Чүй облусунда – 69, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 22, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 41 жана Баткен облусунда 21 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 108 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 836 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 562 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 189 миң 687 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 970 киши айыгып чыкса, 2 миң 820 адам каза болду.