Беш күндөн бери дайынсыз. Алайда дайынсыз жоголгон 70 жаштагы апа изделүүдө

Алай райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1951-жылы туулган Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Үсөнова Бактыгүлдү  табууга көмөктөшүүнү суранат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ал 2022-жылдын 12-январь  күнү саат болжол менен 14:00 чамаларында үйүнөн чыгып кеткен   бойдон  кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см,  дене түзүлүшү толук келген, жүзү тегерек тырыш түшкөн,  өңү кара тору,  чачы  ак түстө кыска. Кийимдери: башында күрөн түстөгү береткага окшогон тумак, үстүндө фиолет өңүндөгү  кофта, кара түстөгү шым.

Үсөнова  Бактыгүлдү  көргөндөр же кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюнуздар: (03234) 5-14-72,  (03232) 4-63-50, 0773 03 92 12, 0557 54 00 30.