Ош шаарында бала бакчадан өрт чыкты

Ош шаарында бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында жайгашкан Раимбеков көчөсүндө балдар бакчасынан саат 08:45те өрт чыкандыгы тууралуу маалымат кабарланган.

“Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 куткаруу кызматынан 2 бөлүм тартылып. Саат 09:00дө чектөөгө алынып, саат 09:28де толугу менен өрт өчүрүлгөн.

Учурда жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда”,- деп билдишти ӨКМдан.