Коом

Бишкекте бир нече мектеп онлайн окутууга өтүп, бир бала бакча карантинге жабылды

Бишкекте 7 мектеп жана 1 бала бакча онлайн иштөөгө өттү. Бул туурасында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көрсөтмөсүндө айтылат.

Көрсөтмөдө №60, №4, №67, №29, №38, №18 жана менчик «Газпром» мектеби аралыктан окууга өткөнү жазылат. Ошондой эле №135 бала бакча карантинге жабылды. Бул жайларда экиден ашык адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бир катар мектептерде айрым класстар онлайн окутууга өткөрүлгөнү маалымдалат.

Ал эми 1-январдан 12-январга чейин жогорку окуу жайларда коронавирус инфекциясын 33 адам жуктуруп алган. Анын 23ү студент, калганы мугалим.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button