Пайдалуу кеңештер

Үй-бүлөдө жубайлардын ортосундагы сүйүүнү өчүрүүчү себептер. Тизме

Психолог Александр Колмановский үй-бүлөдө, тагыраагы, баш кошкон аял менен эркектин ортосунда сүйүү эмне себептен жоголуп кетерин РИА Новости агенттигине түшүндүрүп берди.

“Айрым үй-бүлөлөр сүйүү бир нече жыл гана жашайт же чогуу жашоонун үчүнчү, бешинчи, жетинчи жылдарында кризис болот деп эсептейт. Бул туура эмес түшүнүк. Сезимдерге убакыт эч качан, эч кандай таасир эте албайт. Бул жерде жашоодогу башка факторлор роль ойнойт”, — деди адис.

Мындан соң ал сүйүүнү басаңдатып же жок кыла турган жагдайларды тизмектеп берди:

1. психологияда проекция деген түшүнүк бар. Мында адам сүйүктүүсүнүн анык жүзүн бир топ убакытка чейин көрбөйт. Анткени ал түгөйүнүн өзү көргүсү келген жактарын гана кабыл алат. Кийин романтиканын учуру өтүп, жанындагы кишинин чындыгында кандай адам экенин көргөндө көпчүлүк сапаттары жакпай калышы мүмкүн. Эгер түгөйүнүн бул сапаттарын кабыл ала албайм деп чечсе, демек, сүйүүнүн бүткөнү;

2. кызыкчылыктардын дал келбеши же биринин экинчисине караганда ар тараптан өсүп кетиши. Бул нерсе бири-бирине болгон кызыгууну таркатат;

3. көр оокат, балдар жана аларга байланыштуу түйшүктөр дагы аял менен эркектин ортосундагы жылуулукту жоготуп коюшу мүмкүн;

4. түшүнбөстүк, бири экинчисине өз оюн таңуулоо;

5. ден соолуктун солгундашы. Жашыраак кезде ден соолуктун начарлашы аялга дагы, эркекке дагы бир топ залакасын тийгизет. Тагыраагы, ден соолук жок жерде, жубайларды бири-бирине жакындатып турган төшөк мамилеси солгундайт. Бул нерсе сезимдерге доо кетирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button