Коом

Кара-Көлдө эркек акушер-гинеколог жергиликтүү жарандар тарабынан коркутууга кабылды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык ооруканасында иштеген эркек акушер-гинеколог коркутууга кабылды. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Абдулбакы Ырысбеков ММК булактарына билдирди.

Маалыматка ылайык Кара-Көл шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө иштеген дарыгер-ординатор, акушер-гинеколог Жамгырбек Шүкүрбек уулун жергиликтүү жети-сегиз жаран коркутууга алган. Алар акушер-гинеколог аял гана дарыгер болуш керек деп, догдур ишин улантса башка кадамдарга барышаарын эскерткен.

«Алар сен эркек кишисиң, аял кишини тике карабашың керек, колун кармабашың керек, акушер-гинеколог катары дарылабашың керек дептир. Сен зына кылып жатасың, кетсең-кеттиң, кетпесең чара көрөбүз дептир. Мындай учурда шарият боюнча ташбараң кылыш керек деген сөздөрдү дагы айткан», — деди башкы дарыгер Абдулбакы Ырысбеков.

Башкы дарыгердин айтуусунда окуядан кийин Жамгырбек Шүкүрбек уулу ишин котормой болгон. Эгер дарыгер кетип калса, төрөт үйүндө акушер-гинекологдун таңкыстыгы пайда болот.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы дарыгер арыз менен кайрылганын, териштирүү иши башталганын билдирди.

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы беш эркек акушер-гинеколог иштейт. Ал дарыгерлер акушер-гинеколог гана эмес, операциялык бөлүмдөрдө дагы кызмат кылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button