Бишкекте 8 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте айдоочу 8 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда саат 19:00дө Миррахимов жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен 8 жаштагы Г.Р. аттуу баланы сүзүп, окуя богон жерден кетип калган. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген.

Кайгуул кызматы окуяга шектүүнү аныктаган, ал “Тойота Ранкс” унаасынын 19 жаштагы Т.А. аттуу айдоочусу болуп, тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.