Быйыл дыйкандарга беш млрд. сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет
Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге быйыл беш миллиард сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров 31-январда басма сөз жыйынында билдирди.
Анын маалымдашынча, бул «Айыл чарбаны каржылоо-10» деген долбоордун алкагында ишке ашат жана ага катышкан коммерциялык банктардын чыгашасын жабууга 474 миллион сом бөлүнөт. Жеңилдетилген насыя 6% үстөгү менен менен берилет.
Былтыр ноябрда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Улуттук коопсуздук комитетине дыйкандарга бөлүнгөн жеңилдетилген насыяны текшерип-иликтөөнү тапшырган. Анда Эсеп палатасы мындай насыянын 3% гана дыйкан-фермерлерге жетерин аныктап чыкканын билдирген.
«Насыянын калган 97% бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор жана алардын туугандары алат экен. Ошол үчүн жерлер айдалбай, түшүм жок болуп, азык-түлүк боюнча кооптуу маселе жаралып турат»,-деген Жапаров.
Атайын кызмат териштирип-иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялай элек.
Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталган. Былтыр бул максатта алты миллиард сом бөлүнүп, долбоор менен иштеген беш банкка таратылып берилген.



