Лыжачы Максим Гордеев Олимпиадага катышып бүттү

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарына катышып бүттү.

Ал слалом дисциплинасы боюнча жарышка түшкөн. Гордеевдин катар номери 81 болду. Тилекке каршы, оюн башталганда эле жыгылып түшүп, андан ары жарышты уланта албай калды.

Максим Гордеев Кытайдагы кышкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын талашкан жалгыз спортчу болду.

Ал 1995-жылы Каракол шаарында туулган. Лыжа тебүү спорту менен 2010-жылдан бери машыгып келет. Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери, дүйнөлүк үч чемпионаттын, Кышкы эки универсиаданын, Эл аралык лыжа федерациясы (FIS) өткөргөн көптөгөн жарыштардын катышуучусу. Мыкты көрсөткүчтү FIS уюштурган 2018-жылдагы таймашта жаратып, 4-орунду алган. Жеке машыктыруучусу Игорь Борисов.

Гордеев акыркы төрт жылда Иран, Армения, Швеция, Россия, Италия, Швейцария, Австрия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) уюштурган спорттук таймаштарга катышкан. Маанилүү учурлардын бири 2021-жылы БАЭдеги квалификациялык турнир болду. Гордеев төрт старттын жыйынтыгы менен Олимпиадада слалом боюнча таймашуу укугуна ээ болгон.