Окуялар

Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бараткан кызды маршрутканын айдоочусу сүзүп кеткен

Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бараткан 11 жаштагы кызды маршрутканын айдоочусу сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-февралда саат 17:00дөр чамасында №138-маршурттук унаанын 29 жаштагы Р.М., аттуу айдоочусу Дэн Сяопин көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып Каракумский көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 11 жаштагы К.А., аттуу окуучу кызды сүзүп алган.

Натыйжада жөө жүргүнчү №3 шаардык ооруканага жеткирилген.

Маршрутканын айдоочусу жол чырактын кызыл белгисинде өтүп кеткен.

Учурда автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Ал эми учурда Honda CR-V унаанын айдоочусу изделүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button