Коом

Былтыркы 9 ай ичинде элдин кирешеси 20%га өскөн. Жаңы статистика

Былтыркы жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан калкынын акчалай кирешеси 20,2 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Тагыраагы, акчалай кирешенин көлөмү 397 миллиард сомго жеткен.

«2020-жылы киши башына болгон киреше айына 6 142,9 сомду түзүп, мурдагы жылдын тогуз айындагы көрсөткүчкө караганда 20,2 пайызга жогорулаган. Элдин кирешесинин 68,6 пайызын айлык маянасы түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул көрсөткүчтөр пандемиялык чектөөлөр күчөп турган 2020-жылга салыштырмалуу болуп жатат. Анда жалпысынан кыргызстандыктардын кирешеси 5,1 пайызга азайып кеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button