Окуялар

Ысык-Көлдө лыжа базанын жанындагы мейманканадан өрт чыкты

Ысык-Көлдө лыжа базанын жанындагы мейманканадан өрт чыгып, жакын жайгашкан турак үй да күйдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

Куткаруучуларга 1-мартта саат 21:10 чамасында Каракол лыжа базасынын жанында жайгашкан «Тумар» мейманканасы күйүп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

«Жерине эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 21:50 чектөөгө алынып, саат 23:52де толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан мейманкананын 435 чарчы метр ашканасы жана мейменкананын жанында жайгашкан турак үй күйдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button