Кыргызстанда 100 кызга 105 эркек бала туура келет. Статистика

Улуттук статистикалык комитети өлкөдө аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей экенин, бирок аялдар 8 жылга көбүрөөк жашарын белгилейт. Мекеменин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 1-январына карата өлкөдө 6,8 миллион адам жашаса, анын 50,4 пайызы аялдар.

“Жыл сайын кыздарга караганда эркек балдар бир аз көбүрөөк төрөлөт (100 кызга 105 эркек бала туура келет). Аялдардын басымдуу бөлүгү болжол менен 40 жаштан башталат, ал эми 80 жаштан ашкан аялдардын саны эркектердикинен дээрлик 2 эсеге жогору. 2020-жылы аялдардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 76 жашты, эркектер 68 жашты түзгөн”, – дешет мекемеден.

Комитеттин билдирүүсүндө Кыргыз жергесинде аялдар орто эсеп менен үч же андан көп бала, ал эми айылдарда төрт же андан көп бала төрөйт деп айтылат.

“Төрөттүн жалпы коэффициенти репродуктивдик курактагы бир аялга 3 баланы түзөт. Мектепке чейинки мекемелердин саны жыл сайын көбөйгөнүнө карабастан, жалпы республика боюнча 6 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 22 пайызды, ал эми шаардык конуштарда 29 пайызды, айыл жерлеринде 20 пайызды түздү”.