РФдагы кыргызстандыктар мындан ары «Вестерн Юнион» аркылуу өлкөгө акча которо алышпайт

Кыргызстандын Улуттук банкы «Вестерн Юнион» системасынын иштеши тууралуу маалымат берди.

Билдирүүдө айтылгандай, 2022-жылдын 24-мартынан тартып «Вестерн Юнион» банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы өз ишин Россияда жана Беларуста токтото тургандыгы жөнүндө «БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» жоопкерчилиги чектелген коомунан билдирүү келип түшкөн.

«БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» ЖЧКнын катына ылайык, Россиядан жана Беларустан «Вестерн Юнион» системасы аркылуу 2022-жылдын 24-мартына чейин жөнөтүлгөн бардык чек ара аркылуу өтүүчү которуулар алуучуларга төлөнүп берилет.

Ошол эле учурда Кыргызстандан башка өлкөлөргө (Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынан тышкары) жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга (Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынан тышкары) бардык акча которуулар кадимки тартипте жүргүзүлөт.

«БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» ЖЧК маалымдагандай, компания мындан ары да Кыргыз Республикасынын өнөктөштөрү, б.а. коммерциялык банктар, менен түзүлгөн келишимдер боюнча бардык милдеттенмелерин аткарат.