ИИМдин Ички аскерлеринде Нооруз күнүнө арналган салтанатту иш-чара болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Командачылыгынын аймагында жаз майрамы Ноорузга карата арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары полковник Марат Нуралиев, аскер кызматкерлер менен алардын үй-бүлөл мүчөлөрү, чакырылган коноктор жана ардагерлер катышты.

Аскер кызматкерлеринин жамааты кыргыз элинин каада-салттарын эпизодтук көрүнүштөрү менен демонстрациялап, катышуучуларга Нооруз майрамынын ырым жырымдарын көрсөтүштү.

Көркөм чыгармачылык топтун жааматы, иш-чаранын катышуучуларына жазгы маанай жана дем күч берип турду.  Командалар ортосунда  улуттук жана спорттук оюундардын түрлөрү боюнча таймаш өз нугунда өттү.

Иш-чаранын алдында  аскер кызматкерлер Нооруз майрамынын салттуу “Сүмөлөк” тамагынын даамын татышты. Бул тамак түнү бою туруктуу аралаштыруу менен бышырылып, аскер кызматкерлерине таркатылды.

Майрамдык иш-чаранын аягында улуттук-спорттук оюундарынын жеңүүчүлөрүнө грамота жана акчалай сыйлык сыйланышты.

Жазгы Нооруз майрамына арналган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө белгиленип өттү, – деп билдирди ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан.