Окуялар
Бишкекте айдоочу аялдамада турган эне-баланы жана бир кишини сүзүп кетти
Бишкекте жеңил унаанын айдоочусу аялдамада турган адамдарды сүзүп кетти. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя бүгүн, 29-мартта болжол менен саат 10:00 чамасында Чыгыш-5 кичи районунда катталды.
«Анда Ауди унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, аялдамада турган 3 адамды (наристеси бар аялды, эркек кишини) сүздү. Жеринде кайгуул кызматкерлери иш алып барышууда. Ал эми жабыркаган эне-балага «Тез жардам» кызматы чакыртылды. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө«, — дейт маалымат катчы.