Спорт

Бишкекте 3-апрелде велосезон ачылат (программасы)

Бишкекте 3-апрелде велосезон ачылат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чаранын программасында веложарыш, сынактар, суусундуктар жана белектер камтылган.

Чогулуш пункту саат 09:00 Д.Асанов атындагы сейил бакта (Байтик Баатыр/Масалиев).

09:00 — 09:45 — катышуучуларды каттоо (16 жаштан жогору катталуу).
09:45 — Веложүрүштүн катышуучуларын түзүү.
10:00 — Д.Асанов атындагы сейил багынан Асанбай кичи районуна чейин жана артка.
10:30 — Финишке келүү (Д.Асанов атындагы сейил багы (Түштүк дарбаза).
11:00 — 13:30 — Салтанаттуу жана көңүл ачуучу бөлүктөрү. Жыйынтыктоо, иш-чаранын жабылышы.

Сезондун ачылышын борбор калаанын мэриясы “Вело friends позитив kg” коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаардык кеңешинин көмөгү менен уюштурууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button