Ашыкча салмактан тез арылуу үчүн кандай азыктарды жеш керек. Адистин кеңеши

Ашыкча салмактан арылууга жардам берген суусундуктар тууралуу британиялык диетологдорго шилтеме кылып “Известия” жазды.

Күн сайын суу ичип туруу организмде суунун балансын кармап, арыктоого жардам берет. Суунун касиети липолиз процессинде, башкача айтканда, майды кетирүүдө маанилүү роль ойнойт.

Адистер салмак таштайм дегендерге күн сайын сегиз стакан суу ичүүнү сунуштаган. Ага жалбыз менен лимон кошсо дагы жакшы.

Андан кийин эле формада болом дегендер үчүн көк чай пайдалуу. Анын курамындагы антиоксиданттар менен катехиндер зат алмашууну тездетет.

Ошондой эле диетологдор рационго кычкыл сүттүү суусундуктарды кошууга кеңеш берет. Мисалы, айран ичеги-карындагы микрофлораны жакшыртып, сезгенүүлөрдү алдын алат. Ошондой эле май катмарларын кетирип, иммунитетти көтөрөт.

Мындан сырткары, жашылча менен жемиштен жасалган смузи менен протеин коктейлдери арыктоого жардам берип, суунун балансын кармап турат.

“Коон, дарбыз, кулпунай жана шпинаттын 90-100 пайызы суу. Банан, апельсин, алмурут, ананас, авокадо жана сабизде суунун көлөмү 70-90 пайызды түзөт. Булардан организм сууну гана эмес, керектүү витаминдерди да алат”, — деген адистер.

Мындан сырткары, диетологдор антиоксиданттарга бай кара кофени сунуштаган. Бирок арыктагысы келгендер шекер, майлуу сүт, каймак жана башка зыяндуу кошулмаларды кошпошу керек.