Коом

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып салынды

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, унаа жуучу жайынын администратору А.Орунбаевага (Жетиген көчөсү №86), «Эки дос» тез такмактануучу жайы (Гоголь көчөсү №113) жана «Кап Строй Кей Джи» компаниясына (Жунусалиев көчөсү №184) 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айыппул салынды. Айрымдары бузууларды мойнуна алуудан баш тартышкандыктан, иштери административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Ошондой эле Жибек-Жолу №393 дарегиндеги жерди мыйзамсыз казгандыгы үчүн шаар тургуну А.Борисовго 179-берененин 2-бөлүмүнө ылыйык, 5 миң 500 сом айып салынды. Күнөөсүн мойнуна алып, жеринде токтом чыгарылды.

Бишкек мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырууга болорун эскертет:

— Свердлов району боюнча: 0551551745;
— Октябрь району боюнча: 0505523832;
— Биринчи май району боюнча: 0555404818;
— Ленин району боюнча: 0554222213.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button