“Жашыл мурас”. ИИМдин Республикалык окуу борборунун кызматкерлери бак отургузуу өнөктүгүнө катышты

Бүгүн, 16-мартта шаардык ишембиликтин жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин Жапар Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун кызматкерлери “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнө катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуу борбордун кызматкерлери “2022-жылды тоолордун экологиялык тутумун коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” КР президентинин Жарлыгын аткаруунун алкагында, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн жүзөгө ашыруу максатында Бишкек шаарынын Жибек Жолу жана Чүй Проспектисинин аралыгында Жаш Гвардия бульварынын ортосуна атайынжогорку сапаттагы дарактарды отургузушту.

ИИМдин түзүмдөрү да “Жашыл мурас” улуттук программасынын алкагында аларга бөлүнүп берилген аймактарга көчөттөрдү отургузат жана аймактарды жашылдандыруу иш-чараларын колго алат.

Белгилей кетсек, ишембилик өткөрүү ички иштер министрлигинин салтына айланган, жыл сайын аймактарды жакшыртуу, жашылдандыруу жана тазалоо, бак-дарактарды актоо, тегерек-четтерди тазалап иретке келтирүү иштерин жасашат.