Баткенде жол кыймылынын кырсыктарын алдын алуу боюнча жарандарга кеңештер берилүүдө

ИИМдин ЖКККББнын 2022-жылдын 4-апрелиндеги тескемесинин талаптарын аткаруу максатында Баткен ОИИБы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан “Жөө жүргүнчү, жөө жүргүнчүнүн укугу жана милдети” аталышындагы рейдтик иш-мерчем түзгөн.

Анын негизинде Баткен облусунун аймагында жаш өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында  бир катар иштер аткарылып жатат.  Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү менен биргеликте жолдорго чыгышып, жөө жүргүнчүлөргө жана жол кыймылынын катышуучуларына жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча  маалыматтар берилүүдө, – деп жазды Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы.