КР ИИМ өкүлдөрү түрк полициясынын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери менен таанышышты

2022-жылдын 21-апрелинде ИИМдин делегациясы Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Сталбек Рахманов, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын начальниги Жеңиш Джоробеков, Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов жана Маалымат технологиялар башкы башкармалыгынын башкармалык начальниги Максат Сыдыгалиев полициянын ишине санариптештирүүнү киргизүү жаатындагы түрк кесиптештеринин жетишкендиктери менен таанышышты.

Тажрыйба алмашуу иш сапарынын алкагында кыргыз делегациясы Маалыматтык технологиялар башкы дирекциясына барып, анда Түркиянын полициясы тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда колдонулган алдыңкы технологиялар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, Кыргызстандын ИИМдин өкүлдөрү Кибер кылмыштарга каршы күрөшүү департаментинин дирекциясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, анын жүрүшүндө тараптар тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө кызматташуу, ошондой эле Түркиянын полиция академиясынын базасында ИИМдин кызматкерлерин окутуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле делегация Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен бирге Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин башкы аянтына тургузулган Айкөл Манастын эстелигине барышты.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин делегациясынын мүчөлөрү Түркия Республикасынын ИИМдин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Алырдын ичинде Жандармериянын Башкы командачылыгы, Коопсуздук башкармалыгынын Калкты каттоо жана жарандык иштер боюнча Башкы дирекциялары, Мобилдик борбор (Коопсуз шаар системасы), – деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.