ИИМдин «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүнүн 2022-жылдын 1-чейрегиндеги жыйынтыгы чыгарылды

2022-жылдын 20-апрель күнү  ИИМдин «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүнүн 2022-жылдын 1-чейрегиндеги жыйынтыгын чыгарган жыйын өттү. Ага ИИМдин «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Джокоев, анын орун басарлары, бөлүмдөрдүн башчылары катышты.

Бул жыйында негизги үч маселеге катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа»  Мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүнүн 2022-жылдын 1-чейрегиндеги жыйынтыгы, «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүм/секторлор тарабынан көрүлө турган тиешелүү иш-чаралар, көйгөйлөр жана чечимдердин жолдору, ар түрдүү маселелер каралып, талкууга алынды.

Белгилеп кетсек, «Унаа» Мамлекеттик мекемесинде 27 аймактык бөлүмдөр жана секторлор реалдуу режимде иштеп жатат, алар бүт республиканы камтыйт. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында, ошондой эле «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин ишмердигинде жаңы санариптик технологияларды киргизүү максатында төмөнкүдөй иштер аткарылган:

– «Транспорт каражаттарын каттоо» автоматташтырылган маалыматтык тутуму;

– «Айдоочулук курамды тесттен өткөрүү» автоматташтырылган маалыматтык тутуму;

– «Айдоочулук курамды каттоо» автоматташтырылган маалыматтык тутуму;

– «Ubuntu» долбоорун ишке киргизүү («Унаа» Мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндө теориялык сынактарды тапшыруу үчүн сынактарды өткөрүү класстарга орнотула турган операциялык тутум автоматташтырылган маалыматтык тутумунун программаларына кирүүгө жол бербөө үчүн) боюнча «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин 21 аймактык бөлүм/секторлордо орнотулду, калган бөлүм жана секторлорго кезеги менен “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте тыгыз иш алып барылууда;

– face ID пилоттук долбоору ишке ашырылды. «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө жана секторлорунда «Транспорт каражаттарын каттоо» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кошулган жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан модернизациялоо иштери каралууда.

Ушул программаларынын негизинде санариптештирүү жүргүзүлдү, бирдиктүү маалымат базасы түзүлдү жана эски журнал ыкмаларынан алыстап заманбап учурларга туш келтирилди. Азыркы учурда, бул багыттагы иштер аткарылып жатат. 

 «Унаа» Мамлекеттик мекемеси жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып келинген транспорт каражаттарын каттоодон четтетиш үчүн ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, Интерпол, Кыргыз Республикасынын Бажы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен тыгыз байланышып жана тиешелүү жумуштарды жүргүзүүдө жарандарга транспорт каражаттарын каттоодо/кайра каттоодо, айдоочулук күбөлүктөрүн  алууда ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн, «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарынын, Джалал-Абад облусунун, райондор аралык каттоо бөлүмдөрүнүн жана «Унаа» ММнин имаратында терминалдык аппараттар орнотулду.

“Азыркы учурда Санарип министрлигине караштуу «Инфоком» Мамлекеттик ишканасы менен биргеликте, транспорт каражаттар жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды электрондук форматта акы төлөп «Carcheck» автоматташтырылган электрондук тутуму аркылуу алуунун үстүндө иштеп жатат.

Ошондой эле, жол кыймылынын кырсыктарынын санын азайтуу максатында автомектептердин курамы жана жетекчилери менен айдоочулук курамдардын даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча чогулуштар өткөрүлүүдө. «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте автомектептерде 1 (бир) сааттык сабактарды өтүү боюнча 2022-жылга карата Иш-графиги бекитилип, тиешелүү сабак өтүү иштери жүрүп жатат. “Адам өмүрү баарынан кымбат” аттуу «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги Бишкектик автомектептердин курамы менен ИИМдин ЖКККББнын тиешелүү кызматкерлери менен сабак окутуу жолугушууларды өткөрдү”,-деди өз сөзүндө Рустам Джокоев.

Алсак, «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин бардык жетекчилердин жана мекеменин аймактык бѳлүм/секторлордун жетекчилеринин катышуусу менен жыйын өткөрүлүп, жарандарыбызга сервистик тейлөө жогорку деңгээлде жүргүзүлүп, ишмердикти үзгүлтүккө учуратууга жол бербѳѳ, коррупцияга аралашпоо, кардарларга орой мамиле кылбоо, өз милдеттерин так аткаруу боюнча жазуу түрүндѳ тапшырмалар берилген. «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин бардык бѳлүмдѳрүндѳ Жол кыймылынын эрежелери боюнча экзамен берүүчү класстарда онлайн режиминде байкоо камералар аркылуу кѳзѳмѳл жүргүзүлүүдѳ. Андан сырткары «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бѳлүмүндѳ эл чогулган залдарда жана жеке кеңселерде байкоо камералары онлайн режиминде иштеп жатат.

Рустан Джокоев билдиргендей, 2022-жылдын 1-чейрегинде транспорт каражаттарын каттоо/кайра каттоодо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө мыйзамдарды бузуу боюнча фактылар «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин тарабынан табылып, юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына материалдар өткөрүлүп берилди – 3 факт. Ошондой эле, 2022-жылдын 1-чейрегинин жыйынтыктары боюнча «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн жана секторлорунун айрым кызматкерлерине карата тартиптик жазалар колдонулуп, 20 сөгүш жана  13 эскертүү жарыяланды, 17 кызматкер менен эмгек келишимдер токтотулду, жалпы – 50 тартиптик жазалар колдонулду.

Жыйындын аягында Рустам Джокоев тарабынан Ички иштер министрлигинин «Унаа»  Мамлекеттик мекемесинин бөлүм начальниктерине  калкты тейлөө чөйрөсүндөгү кызматтардын сапатын, ошондой эле материалдык-техникалык базасын күчөтүү жана коррупцияны жоюу  менен жол кырсыктарынын келип чыгуусуна жол бербөө иш чараларын актаруу боюнча тапшырмаларын берди, – деп билдирди ИИМдин “Унаа” Мамлекеттик мекемесинин Басма сөз кызматы.