Ошто батирден эркек кишинин сөөгү табылды

Ош шаарында батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Куткаруучулар Бөрүбаев көчөсүндө жайгашкан №4 үйдө жайгашкан батирдин эшигин ачууга чыгышкан. Куткаруучулар жеткенге чейин 34 жаштагы К.Н. аттуу үй ээси өз алдынча үйүн ачып алган. Батирдин ичинде 42 жаштагы Б.А. аттуу үй ээсинин күйөөсүнүн сөөгү табылган.

Милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.