Спорт

Алексей Тепляшин 4 жүк ташуучу вагонду жылдырды

Спортчу Алексей Тепляшин темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча Кыргызстандын рекордун койду.

Иш-чара 22-апрель күнү өттү. Спортчу  жонуна илинген кайыш кур менен  чиркештирилген 4 даана вагонду жана кошумча салынган жүктү дээрлик 8 метр аралыкка чейин жылдырган. Ал эми жүктүн жалпы салмагы  100 тонна 150 кгды түзгөн.

Алексей Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданып, 40 жашка чыккан туулган күнүндө максатын ишке ашырды. Темир жол вагонун оордунан жылдыруу боюнча жаңы коюлган рекордду ал Кыргызстандын жалпы элине арнай турганын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button