Бишкекте үч жигит Honda Fit унаасын айдап качканга шектелип кармалды

Бишкекте үч жигит Honda Fit унаасын айдап качканга шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде милицияга Б.А. аттуу жаран кайрылып, Фрунзе көчөсүндөгү үйүнүн алдында токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кеткенин билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, шектүү катары 20 жаштагы С.М., 19 жаштагы С.М. жана 20 жаштагы А.Б. аттуу жигиттер кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Унаа табылып, ээсине өткөрүлүп берилген.