Коом

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып кетти

Бишкек-Ош унаа жолунун 426-чакырымында Mercedes-Benz 814 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай кырсыкка учураган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, натыйжада унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын 48 жаштагы М.К. аттуу айдоочусу жабыркаган.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаганды тез жардам кызматы Таш-Көмүр шаардык ооруканага алып кеткен. Абалы орто.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button