Коом

Мектеп, бала бакча директорун конкурс менен дайындоо сунушталды. Жаңы мыйзам

Мектеп жана бала бакчанын директорлорун конкурстук негизде дайындоо сунушталууда. Бул туурасында жаңыдан иштелип чыккан «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунда жазылган.

Аталган документ Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына коомдук талкууга чыгарылды.

«Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү (мектеп — ред.), ошондой эле баштапкы, орто кесиптик билим берүү (лицей — ред.) программасын ишке ашырган уюмдардын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат. Сынакты министрлер кабинети бекиткен тартипке ылайык, билим берүү тармагындагы борборлоштурулган мамлекеттик орган өткөрөт», — деп жазылат мыйзам долбоорунда.

Белгилей кетсек, учурда колдонулуп жаткан мыйзамда аталган директорлорду ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурсу жок дайындалат.

Эреже боюнча, Билим берүү жана илим министрлиги демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкуудан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Ал жактан колдоо тапса документке президент кол коюшу керек. Мыйзам ошондон кийин гана күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button