Коом

№ 1 тергөө изоляторунун кызматкерлери Бишкекте футбол боюнча чоң чемпионат өткөрүштү

Борбор калаадагы «Эмгек резервдери» стадионунда ардагерлердин урматына салтка айланган футбол беттеши болуп өттү. Бул тууралуу ЖАКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыл сайын өткөрүлүүчү №21- мекеменин булгаары топ чеберлеринин жазгы мелдештерин ачып жатып, КР Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, и/к полковниги Кемель Садыков бул спорттук-маданий иш-чара абак кызматкерлеринин физикалык ден соолугун чыңдайт, бүтүндөй коллективдин моралдык жактан өсүшүнө салым кошот жана коллективдик духта тарбиялоо максатында өтүп жатканын белгиледи.

Юбилейлик онунчу мелдешке нөөмөтөчү сменалардан жана офицерлерден  курамынан тузулген 6 команда катышты.

Кызуу күрөштүн жыйынтыгында офицерлер командасы 1-орунду ээлеп ЖАКнын жетекчилигинин диплому менен кубогуна ээ бролушту.

Ошондой эле жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, жада калса Чолпон-Ата шаарында эс алууга жолдомолор да берилди.

Мындан тышкары, ар кандай номинациялар боюнча жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Мыкты дарбазачы болуп и/к прапорщиги Семетей уулу М., эң мыкты чабуулчу болуп и/к лейтенанты Акеров К. жана мыкты коргоочу болуп и/к сержанты Ж.Дөөлөтбековдор табылды.

Айта кетсек, эркектер топ кууп жүршкөндө алардын үй-бүлөлөрү жана балдары үчүн да кызыктуу мелдештер уюштурулуп жеңүүчөлөрүнө баалуу белекер берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button