УКМК: Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору пара алып кармалды – ВИДЕО

2022-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматтык укук бузууларга жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалды.

Маалым болгондой, кармалган Б.Ж. акча каражатын өз кезегинде орто медициналык кызматкерлерден чогултушкан Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралар жүрүп жатат,- деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.