Коом

Бишкектин жаңы конуштарында үч сейил бак пайда болот. Эскиздер

Бишкектин Ак-Босого жана Мурас-Ордо жаңы конуштарында үч сейил багы пайда болот. Бул тууралуу «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Мекеме алардын эскиздерин көрсөттү.

Жаңы эс алуу жайларынын жалпы аянты төрт гектарды түзөт. Анын ичинде футбол талаасы, спорттук жана балдар аянтчалары, жайкы эстрадалык аянтча жана башкалар болору айтылды.

Мындай сейил бактарды Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-41, Чүй-52 көчөлөрүнө жана Мурас-Ордо жаңы конушуна салуу пландалууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button