Окуялар

ӨКМ кечээ дарыяга чөгүп кеткен депутат боюнча үн катты

Кечээ, 13-майда журналисттерге Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун айылдык кеңешинин депутаты Бакир Исаковдун эжеси кайрылып, анын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин көзүнчө дарыяга чөгүп кеткенин билдирген. Окуя боюнча ӨКМ маалымат берди.

Жарандан ӨКМдин «112» кызматына Суусамыр өрөөнүндөгү дарыянын аралчасында калган жылкысын чыгарып берүүнү өтүнгөн кайрылуу түшкөн. Нөөмөтчүлөр бир нече жолу чалуу түшкөндөн кийин, суунун көлөмү көп болуп, түшүүгө кооптуу экенин эскертишкен. Бирок жаран сууга кирип, жылкысын алып чыгуусун талап кылган.

11-май күнү саат 11:00 чамасында куткаруучулардын бир нече жолу эскерткендигине карабай Исаков кайык менен өз алдынча сууга кирүүгө аракет кылганда куткаруучу кайыкка түшкөн. Кайык суунун катуу агымына туруштук бере албай оодарылып кеткен. Жаранды куткарууга куткаруучулар аракет кылышкан, тилекке каршы суунун агымы өтө күчтүү болгондуктан куткаруучу жээкке сүзүп чыгууга аргасыз болгон, ал эми Исаков дарыядан сүзүп чыга албай калган. Кырсык болоор замат куткаруучулар куткарууга бир топ аракет кылышкан. Издөө иштери ошол күндөн бери жүргүзүлсө да, өз натыйжасын бере элек.

«Жерине барган куткаруучулар буга чейин суунун деңгээли жогору болгондуктан, түшүү кооптуу экенин агып кеткен жаранга бир нече жолу эскертишкен. Бүгүнкү күндө сууга чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 20 куткаруучу жана суучулдар кызматынан 5 суучул тартылган. Куткаруучулар топ-топторго бөлүнүп, Суусамыр дарыясында жана жээктеринде издөө иштерин жүргүзүүдө»,— деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button