Алымкадыр Бейшеналиев Германияга учуп бараткан жеринен кармалып, сурак бергенин билдирди

УКМКнын кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрин суракка алышкан. Бул тууралуу журналисттерге Алымкадыр Бейшеналиев өзү билдирди.
«УКМК кызматкерлери эки күн менин артымдан жүрүштү. Аэропорттон кармашты, мени эркек эмессин, министр эмессин дешти. Жооп катары мен эркекмин, министр экенимди айттым… Ошентип, Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору менен бир кеңешчиси да камалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери аны күч менен коркутушкан. Ал коркуп, бул тууралуу бизге айтып берди. УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысына телефон чалдым. Аны бошотуп, үйүнө алып кеттик. Мен бөлүм башчыдан аны коркуткан кызматкерлерди кызматтан алууну сурандым. Ал бул өтүнүчтү мен аны коркуткандай кабыл алыптыр. Ал коркуп, көрсөтмө берүүгө барган эмес экен. Кантип ата-энеси кызын ушундай жерге бардыртмак? УКМК кызматкерлери аны мени менен бирге деп ойлошуп, артымдан ээрчип келишиптир. Ошентип мени аэропорттон суракка алышты», — деди ал.
Бейшеналиев белгилегендей, алар аны экинчи жолу кармоого аракет кылып жатышат. 15-майда өзү айткандай, эл аралык форумга катышуу үчүн Германияга учуп кеткен.
Мындан эки күн мурда Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору пара алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган аялдын министрдин кеңешчиси экени айтылган.



