Коом

Министрдин махабатыбы?Алымкадыр Бейшеналиев менен кеңешчиси Мээрим экөөнүн кучакташкан сүрөтү, бийлегени талкууга алынууда

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен анын кеңеншчиси Мээрим аттуу жаш кыздын тоодо кучакташып түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.

Фейсбук колдонуучусу Мээрим Баева министр Алымкадыр Бейшеналиев менен кучакташып турган кыздын сүрөтүн жарыялап, “экөө соо эмес” деген өңүттө   пикирин жазган.

Андан тышкары Фейсбуктун башка колдонуучулары да Алымкадыр Бейшеналиевдин жаш кыз менен кучакташып түшкөн сүрөтүн жарыялап, “Министрдин махабаты”, “Аконит көптү”, “Министр президентти уят кылып жатат” деген сыяктуу пикирлерди жазышууда.

Ошол эле учурда Алымкадыр Бейшеналиевдин  кеңешчиси Мээрим экөөнүн кучакташып бийлеген видеосу да Фейсбукка жарыяланып, коомчулуктун талкуусунда калды.

Эскерте кетсек, 13-майда УКМК тарабынан  аталган министрликтин Ысык-Көл облусу боюнча координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. 100 500 сом акча талап кылууга шектелип кармалган. Анын жанында Алымкадыр Бейшеналиевдин да  Мээрим аттуу кеңешчиси болгон.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев азыркы учурда иш сапар менен Германияга кеткен. Аны чет өлкөгө учаар астында аэропорттон УКМКнын кызматкерлери  суракка алганын айтып чыккан эле.

Бизге жеткен маалыматка таянсак Алымкадыр Бейшеналиев кеңешчиси Мээримди  Германияга иш сапарга өзү менен кошо алып кетүү ниети бар экени, бирок пара  алды деп шектелгени үчүн жаш кыз чет өлкөгө кетпей калган.  Кеңешчи Мээрим чет өлкөгө чыкпай калганына Алымкадыр Бейшеналиевдин кыжыры келип, айланасындагыларды бир сыйра” кууруп” жиберди деген да каңшаар кеп тарап жатат. Балким, УКМКны күнөөлөп, мени суракка алды дегени да Мээримди сыртка чыгарбай койгонуна байланыштуу болуп жүрбөсүн?

Бул шилтемеден Алымкадыр Бейшеналиев менен кенешчиси Мээрим экөөнүн жай музыкада бийлегенин көрө аласыздар:

https://www.facebook.com/watch/?v=742703220080179&extid=CL-UNK-UNK-UNK-AN_GK0T-GK1C&ref=sharing

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button