Маданият

Айгерим Расул кызы ырына өзгөчө клип тарттырды

Ырчы Айгерим Расул кызы «Кабарыңды айтпадың» ырына Москвада клип тарттырып келди. Клип фэнтези жанрында тартылганы ырчы менен кабарлашканыбызда маалым болду деп жазат Super.kg маалымат агенттиги.

Айтымында, клиптин идеясы, сценарийи өзүнө таандык.

«Клипти Москва шаарында тарталы деп атайын барып, 3 күндө тарттык. Анда токой айбанаттарын — карышкыр, түлкү, аюу жана башкаларды да тарттык. Мен жаныбарларга жакын болгондуктан тартуу иштери учурунда корккон жокмун. Айбанаттар дагы адамды сезет экен, качкан жок. Ошондой эле тартуу иштери Москвадагы студияларда да болду. Баарын алдын ала пландагам, баргандан кийин менеджерлерим убактыларын такташып жатышты. Образ үчүн кийген көйнөктөрүм орус дизайнерлериники, андан тышкары Арзубек Вонама тигип берген көйнөктү кийдим.

Шоу-бизнеске жаңылык киргизейин деп биринчилерден болуп фэнтези жанрында клип тарттырдым. Клипти белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыков тартты», — дейт ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button