Коом

«Акыркы коңгуроо» Кыргызстанда 9-июнда өтөт

«Акыркы коңгуроо» салтанаты Кыргызстандын мектептеринде 9-июнда саат 9:00дө өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

2021-2022-окуу жылы билим берүү уюмдарында 8-июнда аяктайт. Окуу жылынын бүтүп баратканына байланыштуу министрлик республикадагы бардык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, усулдук билим берүү борборлорунун жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн. Анда мектептерде «Акыркы коңгуроо» салтанатын коопсуздук талаптарына ылайык уюштуруу маселелери каралган.

«Бул иш-чараны мектепте жана мектептин аймагында уюштурууда мектеп жетекчилерине окуучулардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасы берилсе, ал жактан чыккандан кийин жоопкерчилик ата-энелердин мойнунда болору эскертилген. Салтанаттуу иш-чарадан кийин балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчиликти ата-энелер алат», — деп жазылат билдирмеде.

Белгилей кетсек, 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button