Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26- майда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго койуунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары, эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат.