Кубанычбек Абдисалам уулу BRAVE CF уюмунун наамы үчүн кармашат

Кыргызстандык мушкер Кубанычбек Абдисалам уулу BRAVE CF уюмунун убактылуу чемпиондук курун алуу үчүн кайрадан беттеш өткөрөт.

Анда мушкер жеңил салмак категориясында казакстандык Олжас Ескараев менен күч сынашат.

Кармаш 18-июнда Өзбекстандын Бухара шаарында өтөт.

Эске салсак, Абдисалам уулу быйыл мартта бразилиялык Клейтон Силваны биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип, уюмдун утурумдук чемпиону болгон. Бирок кийинчерээк уюштуруучулар кыргыз спортчусу тыюу салынган ыкманы колдонду деп беттешти жокко чыгарышкан.

Абдисалам уулу ММА боюнча 17 кармашты утуп, эки ирет жеңилген. 28 жашта, октагондо Омок каймана атын алып жүрөт.

BRAVE Combat Federation (BRAVE CF) — дүйнөдөгү беделдүү промоушендердин бири. UFC уюмунун белгилүү мушкери Хамзат Чимаев да дал ушул уюмдан чыккан.