Коом

Бишкекте камакка алынган шектүү түндө качып кетти

Бишкекте тергөө камагына алынган жаран качып кетти. Учурда аны издеп, табуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 24-майга караган түнү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизүү үчүн жеткирилген 33 жаштагы Амалбек Замирбек уулу унаадан качып кеткен. Ал 23-майда 212-берененин негизинде Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Башка аймактын ички иштер башкармалыктарына, бөлүмдөрүнө да кабарлама берилди.

Изделип жаткан шектүүнүн белгилери: бою 175-180 сантиметр, арык, чачтары кара, көздөрү күрөң, мурду кырдач.

Кийип жүргөн кийимдери: кара кепка, кара спорттук костюм, көк жынсы, кара кроссовка.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button