Коом
Алдамчылык боюнча айыпталган Гүлзат Мамытбекке соттун өкүмү чыкты
Гүлзат Мамытбек (Алымкулов) 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи май сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алдамчылык боюнча айыпталган Алымкулова күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, кийинчерээк ал жазасын өтөөдөн бошотулуп, 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды.
Айыпталуучу сот залынан бошотулду.
Эскерте кетсек, блогер жана ишкер Гүлзат Мамытбек деген ат менен белгилүү болгон Гүлзат Алымкулова алдамчылыкка шектелип кармалган эле.