Коом

Беловодск айылындагы мектеп-интернаттын окуучусу сабалганы айтылды

Чүйдүн Беловодск айылында жайгашкан мектеп-интернаттан баласын алганга келген эне уулунун сабалганын жана катуу коркуп калганын айтып чыкты. Бул тууралуу Балдар укугун кароо коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эненин айтымында баласы интернатта бир апта болгон.

«Баласын интернаттан алганы келгенде ал сабалып жана катуу коркуп калганын көргөн. Ал бул маселе боюнча мекеменин директоруна кайрылганда, ал көйгөйдү тереңдеп карабастан, орой мамиле жасаган. Мекеменин кызматкерлеринин айтуусунда бала кулап түшкөн. Бирок бул тууралуу алар баланын апасына айтышкан эмес.

Учурда жабырлануучу баланын апасы бул окуя эмнеден улам болгонун аныктоону суранууда», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button