Бишкекте мас абалындагы 33 жаштагы аял Мерседес менен башка унааны сүздү

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-май күнү болжол менен саат 17:30 чамасында 33 жаштагы У.Э. аттуу жаран Мерседес-Бенц 240 унаасын жогорку ылдамдыкта жана каршы тилкеге чыгуу менен башкарып бара жатып, Баялинов көчөсүнүн кесилишинен 64 жаштагы С.А. аттуу жаран башкарып бара жаткан Хонда-Акура үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган.

“Катталган жол кырсыгынан Хонда-Акура унаасынын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү жабыркап, №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Текшерүү учурунда Мерседес-Бенц 240 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында экендиги аныкталган. Ал буга чейин да мас абалында унаа айдап баратканы үчүн кармалып, унаасы айып короо жайына токтотулган.

Учурда унаа айып короо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.