Новопокровкадагы №3 түзөтүү мекемесинде жасалма граната табылды

Новопокровкадагы №3 мекемесинен гранатага окшош буюм табылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сапёрлор табылган кооптуу буюмду жеринен жардырышкан. Кечээ, 31-май күнү эртең менен саат 09:40 чамасында Чүй облусунун Новопокровка айылындагы №3 түзөтүү мекемесинин эски кургак учук ооруканасынын аймагындагы короодогу бактын түбүнөн мекеменин кызматкерлери гранатага окшош шектүү жашыл түстөгү буюм табышкан.

Окуя болгон жерге Коргоо министрлигинин инженердик-сапёрдук тобу тартылып, алар иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Жасалма граната экендиги аныкталган, бирок мүмкүн болуучу коркунучтардан сактануу үчүн жардыруу жолу менен жок кылынган. Текшерүү иш-чаралары жүргүзүлөт.