УКМК: Кадамжайда курал-жарактар сакталган жай табылды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын иликтөө иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районунун тургуну Э.Р.Б. кармалып, жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 222ден ашык (5,45, 7,63), ар кандай калибрдеги ок-дарылар, 3 даана ок атуучу курал, 1 даана Ф-1 гранатасы, 230 даана ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскычы табылып алынды.

Азыркы учурда Э.Р.Б. Кадамжай районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер көрүлүүдө, – деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.